17:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашылганын билдиришти

12-декабрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады.

Анын соңунда Ташиев менен Ятимов атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын билдиришти.

«Бүгүн чоң иш болду. Биз 120 чакырымдан ашуун илгериледик. Бул маселелер принципиалдуу түрдө макулдашылды. Эгер Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларынын жалпы узундугун ала турган болсок, мамлекеттик чек аранын 90% ашыгы такталды, биз ал маселелерди чечүүгө жакындап калдык», — деди Ятимов.

Ташиев кызматташынын сөздөрүн ырастап, чек аранын жалпы узундугу боюнча такталбаган аз бөлүгү калганын кошумчалады. Ал жакын арада бул маселе чечилерине үмүт артарын билдирди.

«Негизинен чек аранын 90% ашыгы макулдашылды. Макулдашылган ал тилкелер жакын арада баяндалып жазылат. Бизде бир нече тилке калат, кудай буюрса аны да аяктайбыз. Ал кайсы тилкелер? Бул Кайрагачтан баштап, Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейин... Биз, жумушчу топ макулдашууну толук аяктадык. Мындан тышкары биз Карабак, Лаккон боюнча, үч мамлекет кесилишкен чекке чейин макулдаштык. Муну менен биз азыр талаштуу бардык маселелерди дээрлик чечтик. Чек ара маселесине акыркы чекитти коюу үчүн бир нече жолугушуу калды», — деди Ташиев.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан. Бийлик ага чейин чек араны тактоо иштери ушул жылдын аягына чейин бүтөрүн билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунда чек аранын дагы 24 чакырымы такталганы айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар