13:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин жаңы жылга чейин чечүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселелерин жаңы жылга чейин чечүүнү пландоодо. Бул тууралуу «Жакырчылык жана теңсиздик» улуттук өнүгүү форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал быйыл Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо толук аяктаганын эске салды.

«Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери берген тапшырмаларынын үстүндө иштеп жатабыз, жаңы жылга чейин чек ара маселелери чечилгенин билдиршибиз керек», — деди Акылбек Жапаров.

Эскерте кетсек, октябрь айында Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюшкан. Камчыбек Ташиевдин айтымында, документке эки тараптын макулдашуусу менен кол коюлуп, бардык чек ара маселелерин чечүүгө негиз берет.

Эң көп окулган жаңылыктар