03:42
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Экинчи Бурулай. Күбөлөр кызды зордукталган эмес дешти

Ленин райондук сотунда Нарын облусуна караштуу Жумгал районуна ала качып кеткен кыздын иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.
 
Айтымында, кечээ айыпталуучунун чоң энеси менен эжеси суракка алынды. Алардын пикиринде, зордуктоо болгон эмес. Кыз өзүнүн макулдугу менен отургандыгын айтышууда.
 
«Соттолуучу дагы ушундай деп айтып жатат. Достору дагы ошол версияны карманышууда. Сот окуяга катыштыгы бар делген жашы улуу туугандарын кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартты», -деди укук коргоочу. Айтымында, беренеге анын эжеси гана илинди, анткени ал кызды алдап сыртка алып чыккан.
 
Маалыматка караганда, сот жабык эшик артында өтүүдө. Кийинки отурум 19-ноябрда болот. Эске салсак, 10-июнда Бишкектен кызды ала качып кетишкен. Туугандары артынан кууп барган кезде, жабырлануучуну зордуктап салышканы аныкталган.