20:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ташкентте окуучу мугалимдин мурдун сындырды

Ташкенттеги № 160 орто мектептин 9-классынын окуучусу сабак маалында физика мугалиминин мурдун сындырган. Мектеп жетекчилиги бул окуяга мугалимдин өзүн айыптап, окуучу жөн гана коргонгонун билдирүүдө.

Күбөлөрдүн айтымында, физика мугалими Денис Рундаев сабак убагында музыка угуп отурган кызга эскертүү бергенден кийин ага окуучулардын бири болушуп, мугалимди уруп жиберген.

«Мугалимдин мурду сынган. Мындан тышкары окуучу аны бетке, курсакка да урган. Бизде тиешелүү медициналык маалымкаттар бар», — деп билдиришти шаардык билим берүү башкармалыгынан.

Окуя болгон мектептин директорунун жардамчысы Ирина Казакованын билдиришинче, «мугалим мурдун сындырган окуучунун кечиримин кабыл алды». «Бул окуядан кийин ата-энелер чогулушун өткөрдүк. Мугалимге кол көтөргөн окуучунун атасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бала мугалимден кечирим сурады. Бул окуяга мугалим өзү күнөөлүү болгон. Ал биринчи окуучуга кол көтөрүп, бала өзүн коргогон», — деди ал.

Бирок мектептин мугалимдеринин бири жетекчилик бул ишти жайылтпастан болушунча тезирээк бүтүрүүгө аракет кылып жатканын билдирүүдө. «Ал чогулушка мен дагы катыштым. Директор баарыбызга бул окуяны сыртка чыгарбагыла деп тапшырма берди. Физика мугалими директордун басымы менен арызын кайра алды. Ага кол көтөргөн окуучу мектептен чыгарылды», — деди мугалим.

Эң көп окулган жаңылыктар