03:25
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Ашхабад жашоочулары бензинди алдын ала сатып алышууда

Ашхабадда бензиндин баасы кымбаттайт деген кооптонуулардан улам жашоочулар күйүүчү-майлоочу майларды алдын ала камдашууда. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын баяндамачысы Аманмурад Бугаевдин айтымында, тургундардын көбү май куйуучу жайларга түнкүсүн келүүдө.

«Акыркы беш күндөн бери эл арасында ажиотаж күчөдү. Көпчүлүк кечки саат 11ден кийин, унаалар азайып калганда май куйуучу станцияларга барып, бензинди ашыгы менен сатып алышууда. Бензинди 20-30 литрлик идиштерге куюп кетишүүдө. Май куйуучу жайлардын кызматкерлери ар бир литрге 20-30 теңгеден кошуп сатышууда», -деди ал.

Анын айтымында, бензин түнкүсүн көп сатылып жаткандыктан, күндүз станцияларда май тартыш болуп, унаалардын узун кезеги жаралууда.

Октябрдын башында «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен А-95 жана А-80 үлгүсүндөгү бензиндин эки эсе кымбатташы мүмкүн экенин кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар