21:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткен облусунда 95 жаңы ишкана ачылып, 634 жаңы иш орундары түзүлгөн

Үстүбүздөгү жылдын тогуз ай аралыгында Баткен облусунда жалпы 95 жаңы ишкана ачылып, 634 жаңы иш орундары түзүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы ачылган ишканалардын көпчүлүгү акы алып кызмат көрсөтүүчү ишканалар. Аларга чакан пескоблок чыгаруучу цех, тигүү цехтери, окуу борборлору, жеке менчик бала бакчалар, мөмө-жемишти кайра иштетүүчү, кургатып, таңгактоочу ишканалдар, сүт заводу, нан жана нан азыктарын чыгаруучу заводдор, жеке медициналык клиникалар кирет.

Коумчалай кетсек, 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып, ар бир аймакта жаңы ишканаларды ачуу жергиликтүү бийликке милдеттендирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар