USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Улукбек Марипов: Баткен облусуна өзгөчө макам берүү каралууда

14:37, 16 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жолун кароодо. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн түз эфирде билдирди.

Ал аймактагы көйгөйлөр курч экенин, айрыкча чек ара маселеси элдин жашоосуна кедергисин тийгизип жатканын белгиледи.

«Баткен облусунун жетекчилиги алмашты. Өмүрбек Суваналиев алдыга койгон тапшырмаларын так жазып, белгилеп алды. Алар убагында аткарылат. Облуста кырдаал оор, талаш аймактар бар. Бул облуста жашаган эл менин үчүн баатырлар. Биз азыр Баткенге өзгөчө аймак статусун ыйгарууну карап жатабыз», — деди ал.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика