13:24
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Баткен районунда жана шаарында коменданттык саат киргизилет

1-3-апрелде Баткен облусунда биргелешкен «Коопсуздук 2021» аталышындагы командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары өткөрүлөт. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, машыгуу Баткен районунун Бужум айылында өткөрүлүп, ага 600гө жакын адамдар, 100дөн ашуун техника тартылып, облус аймагындагы күч структураларынын кызматкерлери катышат. Машыгуу күндөрү Баткен шаарына жана Лейлек районунун аймагына блок посттор коюлат.

«Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө облус аймагындагы ИИОнун кызматкерлери күнү-түн иш алып барат. Мындай көрүнүштөр жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпайт. Ошондуктан «Коопсуз 2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу мезгилинде жарандар тарабынан кооптонууга негиз жок», — дейт ички иштер башкармалыгы.

Эң көп окулган жаңылыктар