08:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ак-Сайдагы абал боюнча сүйлөшүү бүгүн уланат

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыккан чыр боюнча тараптардын сүйлөшүүсү 19-апрелде, дүйшөмбү күнү уланмай болду.

Бул маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Азаттыкка» билдирди.

17-апрелде аталган суу бөлүштүрүүчү жайда Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан кезде Тажикстандын чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

Окуя болгон жерге чектеш Баткен жана Исфара райондорунун башчылары барып, сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Ошондой эле ал жерге облус башчысы Өмүрбек Суваналиев менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да барышкан.

Облус бийлиги билдиргендей, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады, тажик тараптын бул ишти бирге жасоо тууралуу талабына кыргыз тарап макул болгон эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдиргендей, чыр Баткен облустук суу чарба ишканасынын кызматкерлери менен Тажикстандын Согд облусунун Кожалы айылынын тургундарынын ортосунда чыккан. Кыргыз тарап «Головной» деп аталган суу тосмосунда тазалоо иштерин жүргүзүп жатканда тажик жарандары бул иш биргеликте жасалышы керектигин айтышкан. Эки тарап айтыша кетип, Тажикстан жарандары суу тосмосунун жумушчуларына таш ыргытышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар