08:40
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткен обладминистрация: Лейлекте күйүүчү май жетиштүү

3-мартка карата Лейлек районунда күйүүчү майдын жалпы запасы 808 миң 410 литрди түзөт. Бул тууралуу өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 589 миң 60 литр солярка, 41миң 750 литр Аи-80, 170 миң 600 литр Аи- 92, 7 миң итрл Аи-95 маркасындагы бензин бар.

«Акыркы эки күн ичинде Исфана шаарындагы күйүүчү май тартыштыгы орун алган май куйуучу жайларга, күйүүчү май жеткирилип, тартыштык жөнгө салынды. Учурда Исфана шаарындагы май күйүүүчү жайларда кезек күткөн унаалар жок, бензин 45,50 тыйындан сатылууда», — дейт обладминистрация.

Белгилей кетсек бул күндөрү соляркага муктаждык болгон жок, дээрлик бардык май куйуучу жайларда солярка жетиштүү болду, жазгы талаа жумуштарына кедергеси тийген жок.

Тартыштык негизинен Аи-92 маркадагы бензинге болгон.

Белгилей кетсек, күйүүчү майдын тартыштыгына Бишкек шаарынан базадан аз өлчөмдө чыгуусу себеп болсо, баасынын жогорулоосуна Россия мамлекетинде, жалпы эле дүйнөлүк рынокто жогорулагандыгы себеп болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар