13:38
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстандагы түзөтүү мекемелери менен тергөө абактары интернетке кошулат

Кыргызстандагы түзөтүү мекемелери менен тергөө абактары интернетке кошулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Маалыматка таянсак, була-оптикалык кабелдик байланыш Ибраимов көчөсүндөгү түзөтүү мекемесинен тергөө абагына чейин тарттырылат. Анда секундасына 5 мегабит ылдамдыктагы интернет 12 айга кепилдиги менен болушу керек. Аталган линия уюмдук түзүмдөрдүн маалыматтарды алып жана берүүсү үчүн орнотулмакчы.

Эске салсак, тизмеде 11 түзөтүү мекемеси, 6 тергөө абагы жана 13 колония бар. Бюджеттен 4,5 миллион сом бөлүндү.

Эң көп окулган жаңылыктар