02:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Шамбесай алтын кенинде абал туруктуу

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда жайгашкан Шамбесай алтын кенин иштетүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык эксперти, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Кадамжай районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, 60ка жакын жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
 
Жетекчилер Шамбесай алтын кенин ачуу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алтын кен чыккан жердин кыртышына изилдөө жүргүзүү үчүн барышкан. Анда ички иштер кызматкерлери тарабынан коомдук тартип сакталып, мыйзам бузууларга жол берилген жок
Эң көп окулган жаңылыктар