04:57
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Алтынкен» ишканасынын кызматкерлери айлык акыны көтөрүүнү талап кылууда

«Алтынкен» ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине компаниянын директорунун орун басары Турусбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, кечээ 5-6 киши түштөнүүгө келген эмес. Аларга дагы бир нече жумушчулар кошулду.

«Бул жаңы бөлүк. Алар менен түшүнбөстүктөр болду. Бирок, биздин жетекчилик жолугуп, кырдаалды түшүндүрдү. Бүгүн баары иштеп жатат», — дейт Турусбек Акматов.

Белгилей кетсек, «Алтынкен» 2006-жылдын ачылган. Анын 40 пайызы «Кыргызалтын» ишканасына, 60 пайызы «Суберб Пасифик Лимитед» кытай компаниясына тиешелүү. «Алтынкен» Талды-Булак кенин иштетет.

Эң көп окулган жаңылыктар