07:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кумтөр акыркы 6 айда 4 миллиард сомго жакын милдеттүү төлөмдөрдү которду

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2018-жылдын экинчи чейректеги өндүрүшүн жыйынтыктады. КГК алты айда 184023 унция 1 же 5723,76 кг алтын өндүрүп, 3,65 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

Кумтөрдө алтын өндүрүү көлөмү 2018-жылдын экинчи чейрегинда 83 803 унцияны түздү, өткөн жылдын ушул мезгилинде ал 138 623 унцияны түзгөн. Ошондой эле, бул убакыт аралыгында 90 620 унция же 2,82 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 117,3 миллион долларды түздү.

«Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, «Кыргызалтын» ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балтадагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн «Кыргызалтын» сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз «Кыргызалтын» ААК гана ээ.

Операциялык чыгымдар жана топтомо көрсөткүчтөр:

Кыртыш иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, операциялык чыгымдар 81,0 млн долларды түзүү менен 5,7 млн долларга кыскарды. Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, бирок запастардын деңгээлдеринин өзгөрүүсүнө чейинки операциялык чыгымдардын башкы курамдарынын (тоо-кен иштери, фабрикалык кайра иштетүү жана кенди кармоо) динамикасы төмөнкүдөй түрдө түшүндүрүлөт.

Кыртыш ачуу иштерин кошо алганда, тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар:

Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар жалпысынан 53,6 миллион долларды түздү.

Фабрикалык чыгымдар:

Фабрикалык чыгымдардын көлөмү 16,6 миллион долларды түздү.

Кен ишканасын кармап турууга чыгымдар:

Кен ишканасын кармап турууга чыгымдар жалпысынан 12,8 млн долларды түздү.

Башка нарктык көрсөткүчтөрдүн динамикасы:

Продукцияны сатып өткөрүү менен байланышкан жешилүүгө, кунарсызданууга жана амортизацияга чыгымдар кыскарган жана ал 31,4 млн долларды түздү.

Негизги өндүрүштүк натыйжалар

Башкасы берилбесе, млн USD3 менен

 

Үч ай, 30-июнга карата

 

Алты ай, 30-июнга карата

   

2018

 

2017

% өзгөрүү

 

2018

 

2017

% өзгөрүү

Финансыдагы негизгилер:

                   

Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн USD)2

 

117,3

 

168,6

(30%)

 

270,3

 

332,8

(19%)

Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы (накталай акча)

 

44,4

 

39,3

13%

 

87,0

 

74,4

17%

Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы (нак эмес)

 

31,4

 

41,0

(23%)

 

67,1

 

78,2

(14%)

Сатып өткөрүлгөн продукциянын4 өздүк наркы (млн USD)

 

75,8

 

80,3

(6%)

 

154,1

 

152,6

1%

Сатып өткөрүлгөн продукциянын4 өздүк наркы (унциясынаUSD)

 

836

 

593

41%

 

742

 

566

31%

Өндүрүштүк акчалай агым

 

52,9

 

93,7

(44%)

 

95,9

 

184,7

(48%)

Жүгүртүү капиталдагы өзгөрүүлөргө чейинки өндүрүштүк акчалай агым

 

52,0

 

102,6

(49%)

 

136,6

 

205

(33%)

Өндүрүштөгү негизгилер:

                   

Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна)

 

43 493

 

42 855

1%

 

90 807

 

81 857

11%

Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна)

 

957

 

12

7571%

 

2 361

 

12

18830%

Рудадагы алтындын орточо курамы (г/т)

 

1,72

 

1,63

5%

 

1,90

 

1,63

16%

Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна)

 

1 571

 

1 537

2%

 

3 239

 

3 072

5%

Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т)

 

2,27

 

3,53

(36%)

 

2,43

 

3,53

(31%)

Алтынды ылгап алуу коэффициенти (% менен)

 

70,3%

 

79,3%

(11%)

 

71,4%

 

77,6%

(8%)

Тоо-кен иштерине жумшоолор (тоннасына USD)

 

1,23

 

1,13

9%

 

1,15

 

1,17

(2%)

Кайра иштетүүгө жумшоолор (тоннасына USD)

 

10,55

 

10,75

(2%)

 

9,89

 

10,40

(5%)

Өндүрүлгөн алтын (унция менен)1

 

83 803

 

138 623

(40%)

 

184 023

 

266 024

(31%)

Өндүрүлгөн алтын (кг менен)

 

2606,57

 

4311,66

(40%)

 

5723,76

 

8274,28

(31%)

Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)1

 

90 620

 

135 235

(33%)

 

207 539

 

269 917

(23%)

Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен)

 

2818,60

 

4206,28

(33%)

 

6455,19

 

8395,36

(23%)

Сатып өткөрүүнүн орточо баасы4 (унциясына USD)

$

1 294

$

1 247

4%

$

1 302

$

1 233

6%

Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)4 (млн USD)

 

9,9

 

13,5

(27%)

 

21,2

 

28,7

(26%)

Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)4 (млн USD)

 

5,9

 

4,9

22%

 

9,4

 

5,8

63%

Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)4 (млн USD)

 

36,6

 

47,4

(23%)

 

65,3

 

94,2

(31%)

Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)4

 

11,2

 

16,9

(34%)

 

21,0

 

32,7

(36%)

Капиталдык жумшоолор (жалпы)

 

63,6

 

82,7

(23%)

 

116,9

 

161,3

(28%)

Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде)5

 

44,4

 

39,3

13%

 

87,0

 

74,4

17%

Негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор4 (салыктарды кошкондо)

 

97,2

 

105,5

(8%)

 

185,6

 

208,1

(11%)

Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор (унциясына USD)

$

555

$

329

69%

$

475

$

315

51%

Сатып өткөрүүнүн негизиндеги операциялык жумшоолор (унциясына USD)5

$

495

$

288

72%

$

421

$

274

53%

Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 (унциясына USD)

$

1 071

$

782

37%

$

895

$

773

16%

Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор салыктарды кошкондо4 (унциясына USD)

$

1 254

$

959

31%

$

1 078

$

947

14%

                     

1 — Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.

2 — Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.

3 — Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн

4 — «Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана Центерранын 2018-жылдын 1-августундагы пресс-релизинде «Non-GAAP Measures» бөлүмүндө баяндалат

5 — Финансылык көрсөткүчтөр «Центерранын» пресс-релизине негизделген

КР казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2018-жылдын экинчи чейрегинде Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,69 миллиард сомдон ашты.

30-июнь, 2018-ж. карата

 

АКШ доллары

 

1-чейрек

2-чейрек

Дүң кирешеге салык

21 991 326

20 026 766

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым

2 458 948

1 540 520

Экологиялык төлөм

310 000

-

Кызматкерлердин кирешесине салык

1 370 596

1 014 540

КРдын Социалдык фондуна төлөмдөр

2 259 310

1 930 322

Бажы төлөмдөрү

109 840

128 888

Резидент эместердин кирешесине салык

119 640

82 315

Башка салыктар жана милдеттүү которуулар

106 011

109 511

Бардыгы

28 725 670

24 832 863

30.06.2018 карата АКШ долларынын КР сомуна карата расмий курсу

68,4325

68,0600

Төлөмдөрдүн эквиваленти сом менен

1 965 769 412

1 690 124 654

Кумтөрдөгү катмар боюнча минералдашуу тармагындагы потенциалдуу запастарды эксплуатациялык жеткире чалгындоонун алкагында Директорлор кеңеши квартал ичинде жалпы көлөмү 60 миң метр болгон бургулоо иштеринин эки жылдык программасын бекитти. Бул иштерди жүргүзүү орду болуп карьердин борбордук, түштүк-батыш жана Сары-Төр участоктору, ошондой эле түндүк-чыгыш максаттуу аймагы аныкталды. Көрсөтүлгөн программа үчүн иштерди финансылоого жылдар боюнча төмөнкүдөй: 2018-жылы 6,5 млн. доллар жана 2019-жылы 11,5 млн. доллар бөлүштүрүлүү менен жалпы көлөмдө 18 млн. доллар бөлүнгөн.

Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 31-мартына чейин Кумтөрдө жалпысынан 11,7 млн унция же 363,4 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Центерра» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алек, Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи — Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар жана Түркияда 100% ээ болгон Оксүт кенинде үчүнчү өндүрүшүн курууда. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада негизделет.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу 77 401 766 акция үлүшү менен «Центерранын» эң ири акционери. 2018-жыл,13-августка карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 349 млн доллардан ашты.

«Центерра» жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR www.sedar.com системасында жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 media@kumtor.com

Эң көп окулган жаңылыктар