20:02
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алтындарды уурдап жүрүшкөн. «Солтон Сары» кенинин башчысы кармалды

«Солтон Сары» кенинин жана «Солтон Сары» алтын чыгаруучу фабрикасынын башчылары кенден чыккан алтындарды системалык түрдө уурдоого шектүү делип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, «Солтон Сары» алтын чыгаруучу фабрикасынын жана «Солтон Сары» кенинин кызмат адамдары алтын кендерин Нарын жана Чүй облустарынын аймагында сатуу максатында мыйзамсыз чыгарып турганы аныкталды.

«2019-жылдын 27-декабрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын облусунун Оттук айылында «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Тинтүү маалында өлчөмү 1 миң 500 килограммдык 35 кап алтын камтыган кен табылды. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 миллион сомду түзөт», — деп билдиришти УКМКдан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«2019-жылдын 29-декабрында «Солтон Сары» кенинин башчысы, «Солтон Сары» алтын кен фабрикасынын директору жана адиси кармалып, УКМК тергөө абагына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар