21:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкектиктер көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун токтотууну суранышууда

7-кичи райондун жашоочулары президентке кайрылышып, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун токтотууну суранышты. Алар жазуу жазылган баннерлерди № 26 үйгө асып коюшкан.

«Биздин үйдүн бурчуна 12 кабаттуу үй курганы жатышат. Бул биринчи жолу гана болуп жаткан жок. Буга чейин мэрия үй курууну каалаган. Бирок, курулушту токтотконго аракет кылганбыз, азыр соттук териштирүүлөр болуп жатат. Эми жеке компания үй курууну пландап жатыптыр. Алардын баардык документтери, кызыл китеби бар экен, бирок эмнеге жашоочулардын кызыкчылыгы эске алынбайт?», — дейт жергиликтүү тургун Сымбат Каниметова. 

Эң көп окулган жаңылыктар