13:27
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Архитекторлор Бишкектин борборундагы курулуштарга мораторий киргизүүнү сунуштады

Кыргызстандын архитекторлор биримдиги Бишкектин борборундагы курулуштарга мораторий киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу маалымат жыйында уюмдун төрагасынын орун басары Белек Сарымсаков билдирди.

Айтымында, борбордогу пландалбаган курулуштар бүгүнкү абанын булганышына алып келди.

«Шаарды каптаган кара түтүндүн бир канча себеби бар. Алардын бири Бишкектин желдетилбегендигинде. Акыркы 10 жылда салына турбаган жерлерге турак жайларды курдук. Маалым болгондой, шаардын борборунда курулган имараттардын бийиктиги 7 кабаттан ашпашы керек», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар