12:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кытайдагы кыргыздар жапырт камакка алынууда. Президенттен жардам сурашат

Кытайдан Кыргызстанга келген кайрылмандар жана кытайлык кыргыздардын жакындары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам сурашты.

Алар 26-ноябрда мамлекет башчыга жазган катында «Кытайдын кыргыз улутундагы жарандары «тарбиялоочу лагерлерде» негизсиз кармалып жатканы» айтылып, аларды бошотууга көмөк көрсөтүүнү сурашты. Бул тууралуу кат жазган топтун өкүлдөрү «Азаттык» радиосуна кабарлашты.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Ал эми кармалган кыргыздар жана казактар тууралуу маалыматтар акыркы айларда көп чыгып жатат.

Куугунтукка кабылгандар «саясий тарбия берүүчү лагерлерди» «түрмө, концлагерь» деп атаса, Кытайдын бийлиги «жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор» катары сыпаттап келет. Акыркы кезде Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары «саясий тарбия берүүчү лагерлерден» кесип үйрөнүп, көз карашы өзгөрүп чыккан адамдар, анын ичинде жаштар тууралуу тасмаларды көрсөтүүдө. Анда алар «экстремизм оорусунан» айыкканын белгилешкен.

Буга чейин Казакстан Кытайга нота жиберип, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бийликтин жана жарандык коомдун тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ондогон казак түрмөдөн чыгып, буга чейин казак жарандыгын алгандары Казакстанга келген. Кыргыз бийлиги Кытайдагы кыргыздардын укуктары боюнча дипломатиялык ыкмаларды колдоно элек.

Расмий маалыматка караганда, Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми Шинжаңда казактардын саны 1 миллион 400 миңден ашат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума