15:36
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Былтыр президенттин аппаратына жалпы 15 миң 305 жарандын кайрылуусу келип түшкөн

2019-жылы президенттин аппаратына жалпы 15 миң 305 жарандын (2018-жылы — 17 миң 827) кайрылуулары келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 11 миң 349, коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 1 миң 931, «Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондор аркылуу кайрылган жарандар — 1 миң 181, коомдук кабылдамаларга келип, маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар — 620ны түздү.

Былтыр 12 ай ичинде келип түшкөн кайрылуулардын жалпы саны, 2018-жылга салыштырмалуу 14,1 пайызга, ал эми жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын саны 21,7 пайызга азайган.

2019-жылы келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын ичинен эң көбү Бишкек шаарынын тургундарына туура келет.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби