17:42
USD 68.24
EUR 79.44
RUB 1.07

Мэрия көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөлөрүн ижарага берүүгө укугу жок

Бишкек мэриясы көп кабаттуу турак үйлөрдүн чатырлары менен жер төлөлөрүн сатып же ижарага берүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Биздин укук» коомдук фондунун башчысы Калича Умуралиева билдирди.

Анын айтымында, жер төлө менен чатырлар турак үйдүн жашоочуларына таандык болгондуктан, аларды ижарага берүү мыйзамды бузууга барабар. Жеке менчик турак жай бирикмесинин уруксаат жок муниципалитет эч кимге пайдаланууга берүүгө укугу жок.

«Биз бул тууралуу түшүндүрмө бергиле деп мэрияга кайрылдык. Эгерде так жооп ала албасак, жакынкы аралыкта жер төлөлөр менен чатырларды ижарага берүү тууралуу келишим жокко чыгарылбаса, анда биз прокуратурага жана сотко кайрылабыз», —деди Калича Умуралиева.

Эң көп окулган жаңылыктар