11:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкектеги курулуштагы кырсык боюнча эки апта ичинде жыйынтык чыгат

Бишкектеги курулуштагы кырсык боюнча эки апта ичинде жыйынтык чыгат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эмгекти коргоо башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Жолчиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Тыналиева -20 дарегиндеги курулуштагы кырсык боюнча атайын комиссия түзүлдү. Алар эки апта иш алып барышат.

«Алар кырсык болгон жерди, эмгек коопсуздук чараларынын сакталышын, ага түзүлгөн шартты, ишкана менен түзүлгөн келишимди карап чыгышат. Жыйынтыгы боюнча маалымат каза болгон жана жабыркаган жумушчунун үй-бүлөсүнө, ишканага, прокуратурага жөнөтүлөт. Ошондон кийин компенсация төлөө, жоопкерчиликтерин кароо чечими кабыл алынат» — деди Бакытбек Жолчиев.

Инспекция курулуш «Мерибелл Иншаат» ишканасына тиешелүү экендигин ырасташты.

Эскерте кетсек, кечээ Тыналиева -20 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн сыртын жасап жаткан эки жумушчу кулап түшкөн. Бирөө жайында мерт кетип, экинчи оор абалда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген.

Каза болгон жаран 1983-туулган, Каракол шаарынын тургуну Нурбек Аманкуловдун артына эки кичине баласы калды.

25-жаштагы К. Айылчиевдин абалы оор экендиги айтылат.

Күбөлөрдүн айтымында, «Мерибелл Иншаат» ишканасы кырсык болгон курулуштагы баннерлерин, жарнамалык плакаттарын алып салды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби