10:07
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Чоң Казат» президентке даттанып, жолугууну суранат

Сыймык Жапыкеев баш болгон «Чоң Казат» кыймылы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазышты. Бул тууралуу алар арыз тапшыруу учурунда видеого тартып жүктөшкөн.

Маалым болгондой, президентке болгон кайрылууда кыймылдын мүчөлөрүнө карата укук коргоо органдары тараптан кысым болуп жатканы айтылган.

Айтымдарына караганда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери кыймылдын лидерлеринин туугандарынын байлыктарын текшеришүүдө.

«Биз ууру эмеспиз. Тескерисинче, биз коррупционерлерге каршы күрөшүүдөбүз», — дешет алар.

Ал эми Facebook социалдык тармагында түз эфирде аталган кыймылдын лидерлери Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев жана Канат Хасанов президент менен жолугууну суранышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби