21:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто майыптар үчүн курулган көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери жок

Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн курулган көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери жок. Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын Анар кичи районундагы алты кабаттуу үй Кытай өкмөтүнүн эсебинен курулган. Үч бөлүктөн турган үйдө 1, 2, 3, бөлмөлүү 66 батир бар. Бирок бул үйдө лифт жок. Ал мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ыңгайлашкан эмес.

Ош мэриясынан бул маалыматты тактап бере тургандыктарын убадалашты.

1-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетттик комитет Ош шаардык мэриясынын бир катар кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн версиясы боюнча мэрия берген үйдөн батир алган сегиз адамдын кыймылсыз мүлкү жоктугу тууралуу маалымкаты жасалма болгон. Дагы 32 адам Оштон батир алганга чейин эле Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарларында өздүк турак жайларда жашап келишкен.

Мындан тышкары тогуз адам 3-топтогу майыптыгы менен кезексиз батир алышкан. Мыйзам боюнча кезексиз батир алуу укугуна 1-2-топтогу майыптар гана укуктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума