18:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кызматтык милдетин начар аткарган 2 тескөөчү ээлеген кызматынан бошотулду

Жол кыймылынын коопсузугун камсыздоо башкы башкармалыгында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы тууралуу жыйында, органдын кызматтык милдетин начар аткарган 2 тескөөчүсү ээлеген кызматынан бошотулушту. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка таянсак, дагы беш тескөөчү кызмат учурунда тапшырылган ишти начар көзөмөлдөгөнү үчүн жоопко тартылышты.

«Мындан тышкары аталган башкармалыктын башчысы Канат Жумагазиевдин буйругу менен, кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы үчүн 5 кызматкер ардак грамота менен сыйланышты», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума