16:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ислам Каримовдун уулу өзбек авиакомпаниясын сотко берди

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун биринчи никедеги уулу Петр Каримов «Өзбекстан аба жолдору» компаниясынан төлөнбөй калган айлыгын алып берүү өтүнүчү менен Москванын Тверь райондук сотуна кайрылды.

Тверь райондук сотунун төрагасынын орун басары Анастасия Дзюрко чынында эле Каримов аттуу жаран «Өзбекстан аба жолдору» компаниясына каршы доо арыз менен кайрылганын ырастады.

«Бизде чынында эле Каримов аттуу доочу бар. Бирок ал Өзбекстандын мурунку президентинин уулубу жокпу билбейм. Анын арызы боюнча сот отурму 24-октябрга дайындалды. Жоопкер — «Өзбекстан аба жолдору компаниясы», — деп билдирди Дзюрко.

Айрым маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Петр Каримов бир нече жыл бою «Өзбекстан аба жолдору» улуттук компаниясында жетектөөчү кызматтарда иштеп, 2016-жылы атасы каза болгондон кийин жумуштан алынган.

Петр Каримовдун доо арызында жумуш берүүчү аны жумуштан кетирип жатканда айлыгын төлөп бербей койгону жазылган. Эми ал авиакомпаниядан айлык боюнча карызын өндүрүп алууну көздөп жатат. Азырынча анын доо арызынын чоо жайы жана талап кылган суммасы белгисиз.

Айрым интернет басылмалардын «Өзбекстан аба жолдорунун» басма сөз катчысы Зумрад Шожалиловго шилтеме кылып билдиргенине караганда, авиакомпания Петр Каримовго мурдагы кызматкери катары аны менен толук эсептешкени жазылган билдирүү жөнөткөн.

Ислам Каримов тирүү кезинде расмий интернет булактарында анын улуу баласы Петр тууралуу эч кандай маалыматтар болгон эмес. Бирок Википедияда төмөндөгүдөй деп жазылган: «Ислам Каримов биринчи жолу өткөн кылымдын 60-жылдарында үйлөнгөн. Ал никесинен 1969-жылы Каримов Петр Исламович туулган. Бирок президенттин расмий өмүр баянында бул никеси жана алгачкы уулу тууралуу эч нерсе жазылган эмес».

Учурда Петр Каримов Москва облусунда жашайт. Ал экономикалык билимге ээ. Кезинде бир канча убакыт «Азия-Инвест Банк» башкармалыгынын төрага орун басары болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар