15:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош шаарынын мурдакы мэри Мелис Мырзакматовдун жаңы сүрөтү талкууда

Ош шаарынын мурдакы мэри Мелис Мырзакматовдун арыктаган сүрөтү социалдык тармакка жарыяланды.

Мелис Мырзакматов бир топ арыктаган. Социалдык торчонун колдонуучулары Оштун мурдакы башчысынын кескин өзгөрүүсүнө ар кандай баа беришти. Көпчүлүк чет өлкөдө бозгундап жүргөн саясатчы мекенине болгон кусалыктан арыктай түшкөнүн белгилешти.

Мелис Мырзакматовдун өзүнүн Facebook тармагындагы расмий баракчасында май айынан бери билдирүү жок.

Эскерте кетсек, Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарын башкарган. 2014-жылы ага каршы козголгон кылмыштын негизинде мурдакы мэр издөөгө алынган. Мелис Мырзакматов акыркы төрт жылдан бери өлкө сыртында жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар