19:53
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жогорку сот экс-мэр Кубанычбек Кулматовду УКМКнын тергөө абагында калтырды

Жогорку сот экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун УКМКнын тергөө абагында калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, Кубанычбек Кулматов 28-сентябрга чейин гана камакта калышы керек болчу. «Биз баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып Жогорку сотко кайрылганбыз, бирок Жогорку соттун коллегиясы эрежени бузду. Мурунку мэр тергөө абагында негизсиз калтырылды», -деди жактоочу.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматов жемкорлукка айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар