09:45
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ТИМ Кореядагы элчи Кылычбек Султанды кызматтан алууну өтүнөт

Тышкы иштер министрлиги Эрлан Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан бошотуу өтүнүчүн жөнөттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өлкө башчысынын аппаратынан билдиришти.

Элчи кандай негизде кызматтан алынып жаткандыгы белгисиз.

Эскерке кетсек, кечээ Кылычбек Султан маалымат жыйын өткөрүп, анда президентке Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык корпусундагы жемкорлук боюнча маалыматтарды жеткире албай жатканын айткан. Элчи Малайзиядагы элчиликтеги мыйзам бузуу, бюджеттик акчаны максатсыз колдонуу сыяктуу фактылар жөнүндө маалымдаган. 

Кылычбек Султан 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигин жетектеген. Ал бул кызматка баргандан кийин дипломатиялык корпустагы жемкорлук көрүнүштөр боюнча Бишкекке маалымдап, Куала-Лумпурдагы мурдакы элчи Аскарбек Бешимовго өлкө башчысы сөгүш жарыялаган. 

Кылычбек Султан 2017-жылдын 28-октябрында Кореяга элчи болуп бекитилген. 

Аэропортто мас абалында чатак чыгарып, учакты 2 сааттай кармаган социалдык өнүгүү жана эмгек министринин орун басары Зууракан Каденованын ысмы дагы Кылычбек Султандын маалыматты ачык айтууга батынгандыгынан белгилүү болуп, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузган айым иштен алынды. 

Эң көп окулган жаңылыктар