10:46
USD 69.33
EUR 79.37
RUB 1.05

Өлкөдөгү бардык мектептер окуу жылынын соңуна чейин Интернетке кошулат

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мектептерди 100 пайыз Интернетке туташтыруунун үстүнөн иштеп жатат. Аталган ведомствонун маалыматына караганда, учурда мектептердин 67 пайызы дүйнөлүк желеге туташкан.

Быйылкы окуу жылынын соңуна чейин калган 693 мектеп дагы Интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгүн алат.

Сентябрдан тарта Кыргызстандагы мугалимдер жана окуучулар кошумча билим берүү ресурсу катары эки мультимедиалык комплексин алышты. Мындан тышкары мугалимдерге квалификациясын жогорулатуу жана онлайн түрүндө кайра даярдыктан өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар