Бүгүн таңкы саат 04:57де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жер титирөө Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Кашкар-Кыштак, Нариман, Кара-Суу айылдарында 3,5 баллга, Мады, Каратай, Кызыл-Ордо айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.