18:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жер титирөө. Кытайда кайталанган силкинүүлөр уланууда

Кытайда кайталанган силкинүүлөр уланууда (афтершок). Түнкүсүн үч учур катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын очоктору Кытайдын аймагында жайгашкан. Силкинүүлөр Кыргызстандын айрым калктуу конуштарында да сезилген. Биринчи жер титирөө саат 3.30да болду. Эпицентрде күчү 4 баллга жетип, Бедел айылында болжол менен 3 баллга чейин сезилген. Экинчиси саат 4.27де болуп, эпицентдеги күчү 6 баллды түзгөн. Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү Бедел айылында 5 баллга, Ышкында 4 баллга, Кумтөрдө 3,5 баллга жеткен.

Үчүнчүсү саат 7.44тө катталган. Эпицентрдеги күч болжол менен 4,5 баллды түзүп, Бедел айылында 3,5 баллга, Ышкында 3 баллга жеткен.

Эске салсак, Кытайда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө 23-январда саат 00.09да болгон. Силкинүүлөр Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Аксы жана Түп райондорунда өзгөчө сезилген. Бишкекте 4-5 баллдын чегинде болгон. Андан кийин дагы бир катар жер титирөөлөр катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар