17:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кытайда жер титирөөдөн каза болгондор бар

23-январдагы күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөөдөн Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном районунда үч адам каза болду. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телеканалы кабарлады.

Ошондой эле алты адам жабыркаганы маалымдалат. Эки адам оор, дагы төртөө жеңил жаракат алган. 47 үй толугу менен талкаланып, 78 үй жабыркаган.

Жер титирөө Шинжаң-Уйгур автоном районунун Аксу округунун Уши уездинде болуп, очогу 22 чакырым тереңдикте болгон. Саат 8.20га карата сейсмологдор күчү 3 баллдан 5,3 баллга жеткен 43 кайра силкинүүлөрдү катташкан. Жер титирөө Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанда да сезилген.

Бүгүн саат 01.11де Кытайда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү Кыргызстандын калктуу конуштарында да сезилди.

Эң көп окулган жаңылыктар