15:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түндө Кыргызстанда жер титирөө катталды

Түндө Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 2.14 тө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча эпицентри Кыргызстандын аймагында жайгашкан: Кожомкул айылынан 12 чакырым түндүк-чыгышта, Суусамыр айылынан 14 чакырым түндүк-чыгышта, Тунук айылынан 15 чакырым чыгышта жана Бишкектен 90 чакырым түштүк-батышта.

Суусамыр, Тунук жана Кожомкул айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жетти

Эң көп окулган жаңылыктар