13:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда кайрадан жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында саат 8:39да күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Нарын облусунун Жерге-Тал, Казан-Куйган, Тегерек, Оттук, Кызыл-Жылдыз айылдарында 3 балл, Ылайлы-Суу, Шоро, Жан-Булак, Эмгекчил, Ак-Талаа, Эчки-Башы айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Кытайда саат 10:59да күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн толкуну Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында да сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар