«ЖМК аркылуу УКМКга үйлөнгөндүгүбүз тууралуу документти көрсөтпөгөндүгүмдү билдим. Бирок, менден ал документти талап кылышкан эмес. Учурда колумда документим бар», — деди Жамиля Кулматова.
Айтымында, анын дарегине айтылган айыптар негизсиз. Ошондой эле Кубанычбек Кулматовду кыргыз жарандыгынан ажыратуу акылга сыйбай турган иш.
Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго жемкорлук айыбы тагылып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.