10:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жантөрө Сатыбалдиев кардиологиялык клиникага жаткырылды

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кардиологиялык клиникага жаткырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди.

Айтымында, УКМКнын терөө абагында жаткан жарандардын ден соолугуна комитет кунт коюп көңүл бурат. Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бир аз ооруп, 3 жума кардиология борборуна жатып дарыланган. Анын жүрөгүнө операция жасалып,  учурда ал өзүн жакшы сезип жатат.

Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дүйшөмбүдөн бери текшерүүдөн өтүп жаткан. Кечээ ал кардиологиялык клиникага жаткырылды. Эске салсак, буга чейин УКМК анын ооруканага жаткырылышына уруксат бербей жаткан.

«Бизде конвоирлердин саны аз, мындан улам соттолуучуларды тергөө абагынын сыртында күзөтүүгө мүмкүнчүлүк жок. Биз баарын бир убакта текшертип, дарылай албайбыз», — деди Идрис Кадыркулов.

Экс-премьер-министр соттун чечими менен 20-июнда камакка алынган. Ага жемкорлук беренеси боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар