18:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жантөрө Сатыбалдиев кан басымынын жогору экенин айтып нааразы болууда

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кан басымынын жогору экенин айтып нааразы болууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, борбордун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагында отурган мурунку аткаминерлердин абалы менен жакындан таанышып кайтышты.

«Жантөрө Сатыбалдиевден арыз түштү. Ал кан басымы жогору болгондуктан, ооруканага которууну суранып жатат. Бирок, тергөө абагынын администрациясы кан басымын калыбына келтирүү үчүн керектүү дарылардын баары берилип жатканын айтышты. Жантөрө Сатыбалдиев болсо бул жетишсиз экенин билдирип, текшерүүдөн өтүшү керек экендигин айтууда», — деди Нурдин Сулайманов.

Эске салсак, 20-июнда Жантөрө Сатыбалдиев тергөө абагына соттун чечими менен калтырылган. Ага Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар