21:05
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жүрөгү кармап. Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага жаткырууну суранып жатат

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча айыпталып жаткан өкмөттүн мурунку башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жардамга муктаж. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Серепчилер билдиргендей, мурунку премьер-министр жүрөгү ооруганына арызданууда. Мындан улам ал ооруканага жаткырууну суранып жатат.

Жантөрө Сатыбалдиев улуттук борбордун кызматкерлерине жүрөгү ооруганы тез-тезден кармап калып жатканын айткан. Ал бир канча жыл мурун инфаркт болгон.

УКМКнын басма сөз кызматы мурунку өкмөт башчынын ден соолугу канааттандыраарлык экенин айтууда. Ал тергөө абагынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө экени маалым болду.

Эң көп окулган жаңылыктар