11:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дарыгерлер: Жантөрө Сатыбалдиевдин ооруканага жаткырылышына муктаждык жок

УКМКнын аскердик-медициналык бөлүгүндөгү дарыгерлер экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ооруканага жаткырылышына муктаждык жок деп эсептешет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов, мамлекеттик комитеттин расмий жообуна шилтеме берип билдирди.

Айтымында, Жантөрө Сатыбалдиев медициналык көзөмөлгө алынууда. Мындан улам анын стационардык дарыланууга которулууга кереги жок.

«Соттолуучунун ден соолугуна карата арызданганына карабай, ооруканага жаткырылышына уруксат беришкен жок», — деди Нурдин Сулайманов.

 
Эң көп окулган жаңылыктар