22:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жантөрө Сатыбалдиев тез арада ооруканага жаткырылышы керек

УКМКнын тергөө абагында жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тез арада ооруканага жаткырылышы керек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Жантөрө Сатыбалдиевди кардиолог текшерип чыгып, стационардык дарыланууга муктаж экенин билдирген.

«Керектүү документтин баарын тергөө абагынын администрациясына карап чыгуу үчүн жибердик. Ага Жантөрө Сатыбалдиевдин туугандарынын мурунку премьер-министрдин бала чагынан бери жүрөк оорусу менен жабыркайт деген көрсөтмөлөрү тиркелди. Жүрөк оорусу тукумунда болгон», — деди Нурдин Сулайманов.

 
Эң көп окулган жаңылыктар