17:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жантөрө Сатыбалдиев тез арада ооруканага жаткырууну суранууда

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагында жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди зыярат кылышты.

Мурунку аткаминер жүрөгүн текшертүүгө жардам сурады. Ал 2013-жылы жүрөгүнөн операция болгон. Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, дарыгерлер ага көп басууну сунушташкан. Бирок, сот иштерине байланыштуу анын ден соолугу кескин начарлап кеткен. 

Акыйкатчынын аппараты тергөө абагынын жетекчилигине расмий кат жолдошту. УКМКнын башчысы жакынкы аралыкта Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөгүн комплекстүү түрдө текшериле тургандыгын билдирди. 

Экс-премьер-министр соттун чечими боюнча 20-июнда камакка алынган. Ага жемкорлук айыбы тагылууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар