23:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин туугандары салык төлөшкөн эмес

Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин туугандары салык төлөшкөн эмес. «Ачык бюджет» порталында мурунку аткаминердин баласы Жантөрө уулу Кубатка тиешелүү Corporation DNK-KG компаниясынын төлөгөн салыгы тууралуу маалымат жазылган эмес.

Аталган фирма 2012-жылы каттоодон өтүп, адистештирилбеген соода менен алектенет.

Жантөрө уулу Кубат Сапар Исаковдун жарлыгы менен 2017-жылдын 4-октябрында мамлекеттик сатып алуулар системасын изилдөө жана реформалоо боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу тобунун курамына кирген. Анын YouТubeда өзүнө тиешелүү каналы бар.

Экс-премьер-министрдин жубайы Канышай Смадиярова ЛТЖ-ЭКЮ ЖЧК, «ЭССО» ЖЧК, «Скон» ЖЧК жана «Сак-Бол» камсыздандыруу компаниясынын негиздөөчүсү катары катталган. «ЭССО» ЖЧКнын дагы бир негиздөөчүсү катары Жантөрө Сатыбалдиевдин бир тууганы Сатыбалдиев Искендербек Жолдошевич катталган. Аталган компаниялар дагы салык төлөшкөн эмес.

«Скон» ЖЧКсын Калилов Замирбек Жамшитбекович башкарып турат. Болжолдуу маалыматка караганда, ал унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун баласы.

Эң көп окулган жаңылыктар