17:05
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

КСДП менен Ата-Мекен фракциясынын депутаттары кайым айтыша кетишти

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина менен «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер болуп кетти.

Алмамбет Шыкмаматов Белизгейт тууралуу иш боюнча УКМКнын өкүлдөрүн парламентке чакырууну сунуштады. Бирок, депутат Ирина Карамушкина нааразычылыгын билдирип, «Мен буга чейин эле УКМК менен прокуратурага отчет берсин деп кайрылгам. КСДПнын өкүлдөрү боюнча тергөө жүрүп жатат, мен дагы процесс кандай өтүп жатканын билгим келет. Эмне үчүн КСДП өкүлдөрүн камакка алышканда, мынтип көтөрүлүп чыкпайбыз? Унчукпай тергөөнүн чечимин күтөбүз. Ал эми «Ата Мекен» дайыма байкуш боло калат», -деди.

Алмамбет Шыкмаматов четте карап турбай кесиптешине жооп кайтарды. «Ушундай депутаттардын айынан бийлик жолдон адашты. Эл өкүлдөрү караны актан айырмалай албай калды. УКМКнын өкүлдөрү бул жакка келип отчет берсин деп КСДП фракциясы биринчилерден болуп айтышы керек эле», -деди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби