15:29
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Юстиция министрлиги КСДПнын жетекчиси катары Сагынбек Абдырахмановду каттады

Юстиция министрлиги КСДПнын жетекчиси катары Сагынбек Абдырахмановду киргизди. Бул тууралуу өзгөртүү Юстиция министрлигинин расмий базасында көрсөтүлөт.

Базада КСДП партиясынын жетекчиси катары Сагынбек Абдырахманов көрсөтүлөт.

Башка маалыматтар өзгөртүүсүз калган.

Белгилей кетсек, Сагынбек Абдырахманов «КСДП Атамбаевсыз» кыймылынын жетекчиси. Ал март айында альтернативдүү КСДПга төрага болуп шайланды.

Ал эми КСДПнын төрагасы экс-президент Алмазбек Атамбаев. Партия жакында саясый кеңештин жаңы мүчөлөрүн бекитти.

Эң көп окулган жаңылыктар