14:45
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

КСДПнын кезектеги калпы. УКМК Кой-Ташка эч ким бука жөнөтпөгөнүн айтты

УКМК эч бир кызматкери тарабынан Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө бука жөнөтүлбөгөнүн билдирди.

Бүгүн КСДПнын мүчөлөрү Кой-Ташта буканы көрсөтүп, аны УКМКнын азыркы кызматкерлери жана отставкадагы генералдары бука алып келишкенин кабарлашкан. Алмазбек Атамбаев өзү куран окуп. бука союуга бата берген.

Белгилей кетсек, бул КСДПнын жаш активисттеринин биринчи калпы эмес.

Буга чейин алар президент Сооронбай Жээнбековдон Алмазбек Атамбаевге жөнөтүлгөн Жаңы жылы менен куттуктоо жайында жеткинин айтып чыгышкан. Кийин алар кат убагында келгенин, Жээнбеков Атамбаевди 2018-жылкы Жаңы жылы менен гана куттуктаганын моюнга алышкан.

Андан кийин КСДПнын мүчөлөрү Абдышүкүр Нарматовдун Кой-Таштагы сүрөтүн жарыялап, аны саясатка тартууга аракет кылышкан. Аалымдар кеңешинин төрагасы ага кескин жооп берип, Кой-Ташка куран окуганы гана барганын баса белгилеген.

Апта башында Сурия Кадырова аттуу «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун эжеси Кой-Ташка келип, Атамбаевдин тарапташтарына кошулганын жарыяланган. Бирок, Бабановдун эжеси Бакен Бабанова маалыматты четке кагып, Сурия Кадыровадан кечирим суроону талап кылды.

Кечээ «Республика» партиясынын жаштар канаты Алмазбек Атамбаевди колдоого алганы жар салынды. Партия маалыматты дароо төгүндөп, жаштар канаты эмес, анын лидери Азамат Баяманов гана Кой-Ташка жеке чечими менен барганын айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар