16:41
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Атамбаевге каршы пикир айтты

КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Алмазбек Атамбаевге каршы пикирин айтты.

Ал Facеbook баракчасына жарыялаган постунда өз пикирин айтып коюуну туура көргөнүн белгилейт.

«Мен Сапар Исаков менен Абдил Сегизбаевди таза, коррупциядан алыс кадрлар жана алардын орду бийлик органдарында деп эсептебеймин. Өлкөдө алардан башка аты булганбаган, прогрессивдүү кадрлар толтура», — дейт ал.

Белгилей кетсек, кечээ "Форум" имаратынын алдындагы митингге Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкасын талап кылып, Сапар Исаковду кайра премьер-министр кылып дайындоону сунуштаган. Ошондой эле Атамбаев партиянын келечектүү саясатчылары катары Мээрбек Мискенбаев, Мирбек Айтикеев жана Темирлан Султанбековдун атын атаган.  

Адил Турдукулов жаз айында гана КСДПга кайра кошулуп, саясый кеңешинин мүчөсү болуп дайындалды. 

Эң көп окулган жаңылыктар