16:44
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Алтындан жасалганбы? Депутат ири суммага көпүрө курулуп жатканына нааразы

Түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы 2 көпүрөнүн курулушу 29 миллион долларга бааланууда. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда депутат Иса Өмүркулов билдирди.

Айтымында, бул каражатка бир канча көпүрө курса болот.

«Узундугу 1,5 чакырым 2 көпүрөнү ушундай ири суммага куруп жатасыздар. Көпүрө алтындан жасалганбы?», — деди ал.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, бир эстакадалык көпүрөнүн узундугу 396 метрди, экинчиси 1 миң 76 метрди түзөтю Учурда иштин 70 пайызы аяктады.

Эң көп окулган жаңылыктар