15:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Юстиция министрлигине КСДПнын жетекчисинин аты-жөнүн өзгөртүүгө тыюу салынды

Юстиция министрлиги өзүнүн электрондук маалымат базасында КСДП жетекчисинин аты-жөнүн өзгөртө албайт. Бул туурасында April.kg маалымдайт.

Маалыматка караганда, Сагынбек Абдрахманов КСДПнын ушул жылдын 6-апрелинде өткөн XVIII съездин жараксыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Мындан улам, Биринчи Май райондук соту 7-июнда Юстиция министрлигине бирдиктүү реестринде «Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясына» байланыштуу кандайдыр-бир өзгөртүү киргизүүгө тыюу салган.

Эскерте кетсек, 18-апрелде Юстиция министрлиги маалымат базасындагы «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөртүүлөрдү киргизип, Алмазбек Атамбаевдин аты жазылган жерге КСДПга эч тиешеси жок Сагынбек Абдрахмановдун атын жазып койгон.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Юстиция министрлигинин жетекчилерин мындай иш-аракети үчүн жоопко тартууну талап кылып башкы прокурорго кайрылуу жолдогон. 7-майда Башкы прокуратура доо арызды каттоого алып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар