19:19
USD 69.33
EUR 79.37
RUB 1.05

Садыр Жапаровду соттогон судья Жаңыл Мамбеталы кызматынан жогорулады

Парламенттин 5-чакырылышындагы депутат Садыр Жапаровду соттогон судья Жаңыл Мамбеталы кызматынан жогорулады. Анын Жогорку соттун судьясы кызматына талапкерлигин Өндүрүш, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет колдоп чыкты.

Жаныл Мамбеталы Бишкек шаардык сотунда судья болуп иштеген. Ал депутат Исхак Масалиевдин суроосуна жооп берип жатып, Садыр Жапаровдун иши боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алганын айтты.

«Мага эч ким буйрук берген эмес. Өкүм иш материалынын негизинде кабыл алынган», — деди Жаныл Мамбеталы.

«Мен туура эмес чечим кабыл алгансыңар деп эсептейм. Кишини факты боюнча соттош керек. Караколдогу башаламандыкта Садыр Жапаров чет өлкөдө болгондугу маалым», — деди Исхак Масалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар