03:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ошто жолдон өтүп бара жаткан 5 жашар баланы унаа сүзүп кетти

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жолдон өтүп бара жаткан 5 жашар баланы унаа сүзүп кетип, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Салижан Шарипов орто мектебинин алдында болгон. Өзгөн шаарынын тургуну өзүнүн «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаасы менен баланы сүзүп алган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар